Ошто “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол белгилерин сырдоо иштери башталды

“Ош шаардык жолдору” муниципалдык ишканасы тарабынан 22-июндан баштап шаардын көчөлөрүндө жол белгилерин жаңыртуу боюнча пландуу иштер башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сырдоо иштери шаардын 35 кесилишинде “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жүргүзүлөт, 2021-жылы 7031 чарчы метр жол белгилерин колдонуу пландаштырылууда. Учурда Масалиев көчөсүнүн жол белгилери жаңыланууда. Жумушту «Сер-Ай-Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, А.Навои, Монуев, Абдыкадыров, Айтиев, Ленин, Курманжан-Датка, Амир-Тимур, Т.Турсунбаев жана башка көчөлөрдө жол белгилерин жана жөө адамдар өтүүчү жерлерди жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.

Бул иштер биринчи кезекте мектептердин, бала бакчалардын, жогорку окуу жайлардын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жанында, ошондой эле шаардын негизги көчөлөрүнүн социалдык объектилердин алдында аткарылат. Автоунаалардын көптүгүн эске алып, жумуштар түнкү убакытта жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.