Ошто коомдук транспортторго жол акы төлөө автоматташтырылат

Эми Ошто жүргүнчүлөр, жол акыны автоматташтырылган система менен төлөйт. Ал үчүн автобус жана троллейбустарга атайын борт жабдуулар орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Коомдук унааларга орнотулган борт картаны жана тыйындарды гана кабыл алат.

“ Карта үч түрлүү болот. Окуучулар, пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген атайын жеңилдиги бар жарандар анан калган жарандар үчүн болуп бөлүнөт. Бул тууралуу жарандар Ош шаардык мэриясына жана муниципалдык авто унаа мекемесине кайрылса  болот. Картаны алгандан кийин, банк аркылуу же муниципалык мекемеден толуктап турса болот”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкы  каражат бөлгөн. Жабдыктарды орнотуу жакынкы күндөрү башталып, борт аркылуу төлөө 1-октябрдан ишке ашат.

Белигей кетсек, Ош шаарында 30 автобус жана 30 тролейбусс  эки багыт боюнча каттайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген