Ошто коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан эшиктер аныкталды

Ошто коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 138 даана жыгач эшиктер аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Текшерүү учурунда унаанын жүк бөлүгүнөн жалпы салмагы 4090 килограмм болгон 138 даана жыгач эшиктер табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 825 500 сомду түзөт.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген