Ошто КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 30-майда Ош шаарында  КМШ мамлекеттеринин атайын жана күч кызматтарынын жыйыны өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына караганда, жыйынга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышууда.

Күн тартибиндеги негизги маселе – терроризмге жана экстремизмге каршы туруу, эл аралык террордук уюмдардын таасиринин алдын алуу, жашыруун топторду аныктап, алардын ишмердүүлүгүн жайылтууга жол бербөө.

Булак: Азатттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген