Ошто ӨКМге караштуу агенттиктин директорун атып кетишти

Кечээ, 25-декабрда кечке маал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо агенттигинин директору Сапар Бакыевди атып кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Анын жансыз денесин тез жардам кызматы ошол күнү саат 20.20да алып келген. Сапар Бакыев Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Кулматов көчөсүнүн № 83 үйүнүндө жашачу.

Жансыз денени кароо учурунда башынын арка тарабында белгисиз ок атуучу куралдын атылган октон калган изи жана мурун тарабында анын чыккан изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун жашаган дареги боюнча үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган.

Учурда бул факт боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү боюнча катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум Сапар Бакыев, 1984-жылы туулган. Үй бүлөлүү. Эки уулдун атасы болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.