Ошто китеп кербени жыйынтыкталды

Ошто 23-майдан бери китеп кербени уюштурулуп келе жатат. Бүгүн, 16-июнда Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада иш чаранын аяктоо кечеси уюштурулду. Ага студенттер, окуучулар чакырылып, майрамдык кече өткөрүлдү. Иш чарада облустук китепканадагы жана Кыргызстан менен АКШ мамлекеттеринин ортосундагы китеп кербени долбоорундагы окуу куралдары көргөзмөгө коюлду.

“Жаштарды китеп окууга үндөгүбүз келет. Ар түрдүү чыгармалар камтылган китептерди көргөзмөгө алып чыгабыз. Келгендерге кызыктуурак болуш үчүн майрамдык чакан кечелерди да кошо камтыганбыз”,-деди Т. Сатылганов китепканасынын кызматкери Динара Камилова.

Бул долбоор Кыргызстанда башталганына үч жыл болду. Андан бери өлкөнүн бир катар аймактарында уюштурулду. 2018-жылдан тарта дагы улантылат.

Сүрөттөрдү тарткан: Алишер Исамов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.