Ошто кичи автобустардын жол акысы 15 сомго көтөрүлдү

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Ага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты. Анда жүргүнчү ташыган кичи автобустарга болгон жол акысын жогорулатуу маселеси каралды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартканын билдирди. Ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралган.

Шаардык кеңештин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок.

Жаңы тариф 1-декабрдан тарта иштеп баштайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.