Ошто катталган өрттөн эки адам каза болду

Бүгүн, 5-декабрь күнү Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен эки бир тууган каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 09:11 де 1 бөлүм тартылып, саат 09:34 тө толук өчүрүлгөн.

Бирок  47 жана 57 жаштагы бир туугандар түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген