Ошто кассадан 3000 доллар алып кеткен жаран изделүүдө ВИДЕО

Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринен 3000 доллар ашыкча акча алып кеткен жаранды издеп жатышат. Бул тууралуу Аидана Абдувалиева аттуу интернет колдонуучу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-мартта, түшкө чейин, “Келечек” базарынын жанындагы акча алмаштыруучу жайларынын биринде катталган. Андагы кызматкерлер белгисиз адамга 3000 доллар акчаны ашыкча берип коюшканын айтышууда.

Ал эми, Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков бул боюнча азырынча арыз түшө электигин билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген