Ошто карызы көп абоненттерге газ берүү токтотулду

Бул тууралуу “Ынтымакка” Газпром Кыргызстан ишканасынын абоненттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Кумар Мамаев билдирди.

Азыркы тапта, Ош шаарынын газга болгон карызы 12 млн сомдон ашык. Аны өндүрүү максатында аталган мекеме тарабынан рейд өткөрүлүүдө.

“Биз 60 күндөн ашык акча төлөбөгөн жарандардын газын кыркууга толук укуктуубуз. Буга мыйзам жол берет. Учурда карызы көп болгон абоненттерди аныктап, газ берүүнү токтотуп жатабыз”- деди Мамаев.

Ал эми абоненттерге карыз төлөгөндөн соң гана газ берүү кайрадан улантылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген