Ошто каралбай калган сейил бак оңдолуп жатат. Фото

Ош шаарындагы  “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанында жайгашкан сейил бак оңдолуп  жатат. Буга чейин ал аймак каралбай калган эле.  “Кыргызстан Жаштар Ынтымагы” коомдук бирикмеси сейил бакты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү демилесин көтөрүп, кайра калыбына келтирүү иштери соңуна чыгуу алдында турат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча координатору Орунбек Бейшебаев билдирди.Анын айтымында, сейил бактын ачылуу аземи 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата ачылат.

“Биздин максат калаа тургундарынын эс алуусуна  шарт түзүп, кубаныч тартуулоо болуп эсептелет. Ушул  11 отургуч, 17 даана жарыктандыруу, 2 китеп коюуучу шкаф жана жөө адамдар жүрүүчү брусчаткалар төшөлдү.  Учурда  жумуштардын 95 пайызы бүтүп калды. Ачылуу аземинде ооз ачарга атайын сый-тамак уюштурулат. Каалоочулар келип, даам татып кетсе болот”,-деди ал.

Сейил бакты оңдоо иштери бир ай мурун башталып, каржылоо коомдук бирикме тарабынан болууда.

“Кыргызстан Жаштар Ынтымагы” коомдук бирикмеси 2018-жылы январь айында түзүлгөн. Анда өлкөнүн 7 облусунан жаш активисттер чогулуп, алгылыктуу иштерди аткарып келет.  Андан бери Кыргызстандын бардык облустарын кыдырып, бир топ аймактарда көптөгөн кайрымдуулук иштерди жүргүзүшкөн.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген