Ошто Кан донору күнүнүн алкагында акция өттү

Бүгүн, 24 -сентябрда, Ош облустук кан борборунда “Улуттук кан донорлор” күнүнө арналган иш -чаралардын алкагында, кан тапшыруу акциясы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, акцияга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, медицина кызматкерлери жана коомчулук катышты.

Иш-чаранын жүрүшүнө Венара Рыскулова, Зиядин Жамалдинов кан тапшырышты. Вице-мэр шаар тургундарын акцияга активдүү катышып, кимдир бирөөнүн өмүрүнүн уланышына себепчи болууга чакырды.

Мындан тышкары, ак ниет эмгеги жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү багытындагы иш -чараларга активдүү катышкандыгы үчүн уюштурулган акция алкагында Ош облустук кан борборунун айырм кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле КРнын Улуттук Кызыл Ай коомунун Оштогу филиалы тарабынан да Борбордун бир катар кызматкерлери сыйлады.

“Иш -чара концерттик программа жана Кызыл Жарым Ай коомунун Ош шаарындагы кызматкерлери тарабынан уюштурулган флешмоб менен коштолду. Белгилей кетсек, донордук кыймылды андан ары өнүктүрүү, кан донорлорунун кадыр -баркын көтөрүү, жаштарды гуманизмге жана бири бирин урматтоого үндөө максатында сентябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргызстанда кан донорлорунун күнү белгиленет. Өткөн жылы Ош шаарында 7 миңден ашуун кан донору катталган. 2021 -жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарында 4 миңден ашуун кан донору катталды”,– деп жазылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.