Ошто Камаз менен жеңил унаанын кагышуусунан, бир адам каза болду

Окуя, кечээ саат 16:00дө Кара-Суу районунун Каратай айылында болгон. Анда Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ сүзүшүп, кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККнын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгынан ооруканага төрт адам жеткирилип, алардын ичинен 51 жаштагы эркек киши өзүнө келе албай каза болду.

Учурда Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген