Ошто Камаз 7 жашар окуучуну өлтүрө сүздү

Ош шаарында биринчи класстын окуучусун Камаз өлтүрө сүздү. Маалыматты Ош ИИБнин басма сөз катчысы тастыктады.

Маалыматта белгилүү болгондой, кырсык шаардагы Салиев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 13:30да болгон. Окуучуну сүзгөн айдоочу кырсык болгон жерде милиция кызматкерлеринин келишин күтүп турган.

Учурда кырсык боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми Камаздын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Камаз айып короосуна жеткирилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген