FB Twitter YouTube Одноклассники

Ошто кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Аксыз дүкөн Ош шаарынын Ак-Тилек аймактык кеңешинде жайгашкан. Андан кийим-кече, азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди табууга болот. Булар мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга акысыз берилет.

Кайрымдуулук дүкөнүн ачууну 10 адам ишке ашырган. Ак-Тилек аймактык кеңешинин өкүлдөрү өз ыктыяры менен 100 миң сом чогултушкан.

“Ар айдын 15инде 50 адамга жардам берүүнү чечтик. Иш-чара “Ыйман, адеп, маданият” жылына карата уюштурулду. Максаты-ынтымактуулукту, жакындыкты кайрымдуулукту, бир туугандыкты бири-бирибизге жеткирүү”, – дейт Ак-Тилек аймактык кеңешинин төрайымы Нурила Кочкорбаева.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz