Ошто кайрымдуулук чемпионатында 700 миң сом чогулду. Видео

15-февраль күнү Ош шаарында аялдар арасында волейбол боюнча “Өмүр үчүн күрөш!” урааны астында кайрымдуулук чемпионаты өттү. Бул чемпионат рак менен күрөшүп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбековага Индиядан операция жасоо үчүн акча каражатын чогултуу максатында уюштурулду.

Мелдешти Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, “Борбордук Азиянын Аялдар Лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Асель Атабекова жана Гулназ Исаева менен биргеликте демилгелешкен. Мелдештин аягында 700 миң сом каражат чогултулган.

Айжамал учурда апасы менен биргеликте Индияда дарыланууда. Дарылануу оор болгондуктан, операциясына 70 миң доллар керек экендигин аталган оорукана тарабынан билдиришкен. Буга чейин Бишкекте “Өмүр үчүн күрөш” деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеш аялдардын башын бириктирип, Айжамалдын Индияга кетишине шарт түзгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген