Ошто кадеттер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси салтанаттуу түрдө тосуп алынды

Ош шаарынын аэропортунда кадеттер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Имронбек Рахмановдун салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров баштаган кызматкерлери, машыктыруучулар, спортчулар жана И.Рахмановдун жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө спортчуга жана машыктыруучуга ак калпак менен чепкен берилди.

Имронбек Рахманов 45 килограммга чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча күч сынашкан. Ачылыш күрөшүндө ал ирандык спортчу Хоссейн Сейфолл Ахмадини 5: 3 эсебинде жеңип алса, чейрек финалда румыниялык Валентин Баликти 10: 0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда биздин балбан орусиялык балбан Алихан Ашиновго 0: 6 эсебинде утулуп, 3-орун үчүн күрөштө индиялык спортчу Кумар Шуряга каршы 6: 0 эсебинде жеңишке жетип, коло медалга ээ болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.