Ошто көз жарган 16 жаштагы өспүрүм үйүнө чыгарылды

Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүм кыз көз жарган.  Аны жакын туугандары  төрөтканадан алып кетишти. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм 1-май күнү Оштогу төрөтканада көз жарган.  Ал  Кара-Кулжа районунун 10-класстагы окуучусу болгон. Аз убакыттан бери  Ош шаарында убактылуу жашап жаткан.

Эне-баланын ден соолугу жакшы болгондуктан төрөтканадан чыгарылды. Бирок, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турат.

Ал кошумчалагандай, өспүрүмдүн жакындары баладан баш тартпай, үйүнө чыгарып кетишкен.

Ошто өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз баласынан баш тартты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген