Ошто көзү азиздер үчүн атайын компьютердик класс ачылды

Бүгүн, 11-февраль күнү “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун” түштүк аймактык облустар аралык башкармалыгында көзү азиздер үчүн атайын компьютердик класс ачылды.

Аталган класстын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун” өкүлдөрү катышты

“Бизге өзүбүздүн Бишкектеги башкармалык тарабынан 5 заманбап компьютер берилди. Компьютердик классты ачуунун максаты шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген көзү азиздердин билим деңгээлин жогорулатуу. Азыркы учурда 15 адам катталды. Катталган жарандардын жашы чектелбейт жана аларды үч айлык курста окутуп, атайын сертфикаттарды тапшырыбыз”, – деди компьютердик борбордун жетекчиси Самат Карабаев.

Белгилей кетсек, аталган жерде жарандар атайын көзү азиздерге ыңгайланыштырылган програмалар менен окутулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген