Ошто көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ачык эшиктер күнү уюштурулду

Ош шаарынын  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты ачык эшиктер күнүн уюштурду. Бул тууралуу “Ынтымакка” комбинаттын маалымат катчысы  Азамат Советбек уулу билдирди.

Анын айтымында, комбинаттын кызматкерлери шаарга гүл эгип , бак-дарактарды формага келтирүүдөн сырткары дагы ирриграциялык арыктарды, суу өтмөктөрдү да оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Андан сырткары, кыш мезгилинде жолдорду кардан тазалап, туз жана кум себишип, жаздан күзгө чейин сугат иштери жүргүзүлөт.

“Учурда  жалпы аянты 5730 м квадратты түзгөн 3 күнөскана бар. Бул жылы шаарга  1,5 дөн ашык гүл эгилип бүттү. Ал эми куурап калган гүлдөрдүн ордуна күзгө чейин дагы   500 миңден ашык гүл эгилет.” – деди ал.

Быйылкы жылы  Ош шаарына жалпы 2 миллиондон ашуун гүл эгилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген