Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы гараждар алынат

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы авто гараждар алынат. Анын ордуна заманбап үлгүдөгү акы алынуучу унаа жайлар курулат. Бул боюнча Ош шаарынын мэри тиешелүү тараптарга тапшырма берди.

Учурда гаражды алуу баштала элек. Ишти аткаруу Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу департаментине милдеттендирилген.

” Ош шаарынын мэри жаңы кызматка келгенде, калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн, жолдордун тазалыгын эрте менен чыгып кыдыруу менен баштаган. Ошол учурда көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жеңил типтеги автогараждарды да алып, анын ордун заманбап үлгүдөгү унаа токтотуучу жай куруу керек экендигин айткан. Эми ошол максаттар ишке ашуу алдында турат, буюрса тартип болот”- деп билдирди Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын башчысы Азамат Абсатаров.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча,  шаарда 640 көп кабаттуу үй бар. Алардан алдындагы гараждардан жылына 200 миң сомдун тегерегинде гана төлөм түшүп турган. Ар бир жаран гараж үчүн жылына 210 сомдон  төлөп келишкен.

Ал эми шаар тургундарынын көпчүлүгү бул демилгеге макул эмес. Алар гараждарды мыйзамдуу түрдө сатып алгандарын айтышууда. Тиешелүү документтери да бар.

Бул бир эле гараж эмес, башка буюмдарды сактоочу жай катары да иштетебиз. Мындан сырткары, унаабызды гаражга коюу менен коопсуздук сакталып келген. Эгер гараждарды алса унаалардын коопсуздугун сактоого ким кепилдик берет“,- дейт тургундар.

Ал эми шаар бийлиги атайын унаа жайларга  күзөтчү  коюларын, коопсуздукка кепилдик бар экенин билдирет. Мындан сырткары, тартип да болуп, бир көп кабаттуу үйдүн алдынан он гараж алынса, анын ордуна 15 чамалуу унаа бата турган токтотмо курулушу мүмкүн деп кошумчалашат.

Бирок, төлөнүүчү акчанын суммасы азарынча чечиле элек. Суткасына бир унаа үчүн болжол менен 10 сом болушу мүмкүн деп айтылууда. Бул жол аркылуу шаар казынасын да толтурууга болот дешет адистер.

Ал эми бул план толук качан ишке ашаары азырынча белгисиз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген