Ошто көп кабаттуу үйдүн жашоочулары мыйзамсыз берилип кеткен жерге нааразы болушууда. Видео

Ош шаарынын Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан №37 үйдүн жашоочулары көп кабаттуу үйдүн айланасындагы жерлер мыйзамсыз берилип кеткендигин айтышууда.

Алардын айтымында, аталган көп кабаттуу үйдүн карамагындагы жерге дүкөндөр салынып, калган жерлер жеке менчикке өтүп кеткен.

“Жөө адамдар басуучу жерден унаалар дайым өтүп турушат. Ата-энелер балдарын сыртка чыгаргандан кооптонушат. Буга чейин тиешелүү кызматтарга кайрылганыбыз менен канаттандыраарлык жооп болбоду. Үйгө жанаша жайгашкан Ош технологиялык университетинин колледжи дагы жашоочулардын макулдугу жок эле курулуп калган”, – дейт аталган көп кабаттуу үйдүн үй башчысы Мая Юлдашева.

Ал эми Ош технологиялык университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Рамис Ыдырысов бул нерселердин баары мыйзамга жооп берерин жана керектүү документер бар экендигин айтат.

Ош шаардык мэриясы аталган окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн жана бул маселе чечилерин маалымдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген