Ошто көп кабаттуу үйдүн жашоочулары митингге чыгышты

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү №211 көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 25-сентябрда нааразычылык акциясына чыгышты. Алар көп кабаттуу үйдүн түндүк-батыш тарабындагы бурчуна мыйзамсыз курулуш салынып калганын айтышып, жол тосулуп калганына нааразы болушту.

Нааразы болгон тарап № 211 көп кабаттуу үйдүн жанындагы “Конок борбор” деп аталган мейманка ишке түшкөндөн тарта, жашоочуларга тынчтык бербейт, жол тосулуп калганын айтшты. Эгер жалын туттанса көп кататтуу үй барчу жолго өрт өчүрүүчү унаалар кире албай калат дешет.

” Биз бул жерге бекеринен чогулган жокпуз. Мындагы мейманкана жол тосуп калган. Эгерде үйдон өрт катталса, өрт өчүрүүчү унаа өтө албайт”,- Ош шаарынын тургуну Чынара Темирова.

Жашоочулардын айтымында буга чейин 3 ирет укук коргоо оргондарына кайрылып, бирок иш акырына чыкпай жабылып кала берген. Эми жергиликтүү тургундар бул жерде коррупциялык иштер бар экенине шектенип президентке кайрылуу жолдошту.

Ал эми имарат ээси нааразы тараптын дооматына ынанбайт. Анткени конок үйүн куруу үчүн анда тиешелүү документтер бар.

«Менин колумда керектүү документтер, кызыл китеп бар, демек курулуш мыйзамдуу. Бул имаратты бузуп салууга эч кимдин укугу жок», – деди имарат ээси.

“Шаар тургундарынын нааразылыгы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөру маселени өз көзөмөлүнө алды. Эми ал жердеги элге ынгайсыздык жараткан тосмолор алынып тартипке келтирилет” – деп билдирди Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов.

Эскерте кетсек, Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар, тротуарга чейин чыгып кеткен тосмолор бир айдан бери алына баштады. Буга чейин Кулатов кичи районундагы жана авиа шаарчадагы бир катар мыйзамсыз курулуштар тазаланган. Ош шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда 900 дон ашуун мыйзамсыз курулуштар бар экени аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген