Ошто көмүрдүн бир тоннасы 6 миңге жетти. Видео

Ош облусунда көмүрдүн баасы көтөрүлүп, кара алтындын бир тоннасы 6 миңден ашып кеткен учурлар катталууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга кымбат. Анын негизинде Ош облустук администрациясы көмүр өндүрүүчүлөр жана район башчылары менен биргеликте, көмүрдүн баасын туруктуу бир наркта кармап туруу боюнча жыйынга чогулушту. Анда кен казуучулар кара алтындын эмнеге кымбат болуп жатканын айтышты.

Ош облусунун аймактарында көмүрдүн баасы жылдагыдан бир топ кымбаттап кетти. Өткөн жылы кышында кара алтындын бир тоннасы 5 миң сомдон сатылып жаткан болсо, быйыл күз айларында эле 6 миң сомду чапчыды. Ал эми Кара-Кулжа районунда бир тонно көмүр 6 миң 500 дөн сатылып жатканын, кен казуучулар топ базаларды ачуу керектигин Кара-Кулжа районунун акиминин биринчи орун басары Бекболот Мажитов билдирди.

Көмүрдүн наркын бир баада туруктуу кармап туруу максатында, Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү, район акимдери жана  кен казуучулар ортосунда жыйын болуп өттү. Анда көмүрдүн наркы эмнеге көтөрүлүп бара жатканынын себеби айтылды. Ош шаарынын жана райондордун дээрлик көпчүлүгүн көмүр менен камсыз кылган “Пэрити Коал” компаниясы быйыл жылдагыдан кымбат сата баштаган.

Ош облусунун аймактарында жалпы 18 көмүр өндүрүүчү карьер бар. Учурда алардын 10у иштеп жатат. Адистердин айтымында быйыл Ошто көмүр таңкыстыгы болбойт. Эгер кара алтындын баасы бир ай ичинде 20 пайызга жогоруласа, монополияга каршы күрөшү кызматы өткөн жылдагыдай 90 күндүк чектөө киргизе турганын айтышты.

Эскерте кетсек өткөн жылы көмүрдүн баасы кыш айларында көтөрүлүп, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 90 күндүк чектөө киргизилген. Анда кара алтындын  бир тоннасынын баасын 5 миң сомдон кымбат сатууга тыюу салынган. Талапты аткарбагандарга 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынаары айтылган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген