Ошто күйөө баласынын ур-токмогуна кабылган кайнене каза тапты

Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну 27-октябрда каза тапты. Ал бир апта мурда күйөө баласы тарабынан ур-токмокко алынып, оор абалда ооруканага жеткирилген болчу.

22-октябрда жубайын өлтүргөнгө шектелген32 жаштагы Оштун Бишкектен кармалган. Ал кош бойлуу жубайы менен кайненесин ур-токмокко алып, өзү борбор калаага качып кеткени маалым болгон. Күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аял ошол күнү эле көз жумган.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген