Ошто көгүлтүр отко акча төлөбөгөндөргө рейд болду. Видео

Ош шаарында газдан карызы көп абоненттерге карата рейд болуп, көгүлтүр отту берүү токтотулду. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Оштогу филиалынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд февраль айынан бери өткөрүлүүдө.  Жыйынтыгында 30000 сомго чейин карызы барлардын газ түтүкчөлөрү кыркылып, чаралар көрүлдү. Айрымдар жеринде карыздарын төлөштү.

“Биз тынымсыз жарандарга эскертүү берип келебиз. Ошентсе да өз убагында акчасын төлөшпөйт. Натыйжада негизги суммага туум кошулуп олтуруп карыз көбөйүп кетет. Өз убагында төлөм жүргүзбөгөн жарандар менен иштөө биз үчүн да көптөгөн көйгөйлөрдү жана ыңгайсыздыктарды жаратып жатат”,-дейт аталган ишкананын юристи Замирбек Камбаров.

Рейдтин алкагында газ түтүкчөлөрү кыркылып, газсыз калган жашоочулар карызынан сырткары туташуу үчүн 3200 сом кошумча акча  төлөшү керек болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген