Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

4-октябрь күнү саат 20:12де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институтунан маалым болду.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 баллга, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

“98% белгилүү”. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген