Ошто июндан тартып жайкы лагерлер иштейт

Ош шаарында 10-июндан баштап мектептерде жайкы лагерлер уюшулуп, иштей баштайт. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Салтанат Жүдөшова билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта билдирүүлөрдү кабыл алып даярдыктар көрүлүп жатат.

“Мэрия тарабынан тендер өткөрүлүп акча бөлүнсө келген балдарды кабыл алына баштайбыз.  9 жаштан 11 жашка чейинки мектеп окуучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын алабыз”,-деди ал.

Лагерде эс алууга келген балдарга күнүнө 3 жолу ысык тамак берүү каралган. Мындан сырткары, “Мээрим”  чыгармачылык борбору 10 күндүк эс алууда ар кандай оюн-зооктор уюштурулат жана цирктер коюлат.

Ал кошумчалагандай, былтыркы жылы  500дөн ашуун бала жайкы лагерлерде эс алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген