Ошто ишкерлер эмнеден аксап жатышат? Видео

Ош облусунда ишкерлердин эмне көйгөйү бар.  Алардын ишин жандантууга кандай тоскоолдуктар болуп жатат. Бул маселелерди талкуулоо үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ишкерлер жыйынга чогулуп талкулашты.

Жыйында Ош облусунун аймагында ишкердик менен алектенгендер түрдүү салык төлөмдөрүнө наразы болушту. Алардын айтымында ишти баштаганда эле салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар баса калат. Анын айынан ишкердикти улантып кетүү кыйынга турууда дешет.

Ал эми өкмөт мүчөлөрү мамлекеттик төлөмдөр Орто Азия мамлекеттерине караганда эң төмөнкү баа деп белгиледи.

Ошто жалпы 80 миңге чукул ишкер катталса, учурда алардын 50 миңге жакыны иш алып барат. Былтыры ишкерлерге укуктук жардам берүү максатында  “Ишкерлерди колдоо борбору” ачылган.

Адистердин айтымында быйыл өткөн жылга салыштырмалуу ишкерлерге көбүрөөк көңүл бурулган. Кыргыз – орус өнүктүрүү банкынан 7 миллион долларга жакын акча ишкерлерге пайызы төмөндөтүлүп берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалу эки эсеге көп. Аны менен катар облус аймагында 52 ири ишкана пайдаланууга берилген. Жыйын соңунда өкмөттүн Оштогу өкүлү ишкерлерди бир ассоциацияга биригип, биргеликте иш алып барууга чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген