Ошто ипотекалык үйдүн үстөгү 4 пайыз болду

Ош шаарындагы ипотекалык негизде берилген үйлөрдүн үстөгү 4 пайыз болду. Буга чейин жарандар батирлерин 6 пайыз үстөк менен алышкан. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында чечим кабыл алынды.

Аталган чечимге 45 депутаттын 26сы макул болду. Алардын арасынан пайыздык ченди алып салуу тууралуу дагы сунуштар түшүп, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында өткөн жок.

Ал эми жалпы жыйынды көрүп отурган шаар тургундары өз нааразычылыктарын билдирип чыгышты. Алардын айтымында, 4 пайыздык чен көп деле нерсени өзгөртпөйт. Аталган ченди такыр жок кылып койсо туура болмок дешет алар.

Эске салсак, буга чейин Ош шаардык мэриясы ипотекалык үйлөрдү салып, 6 пайыздык үстөк төлөмү менен төлөөнү милдеттендирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген