Ошто ипотекалык үйдүн курулушу апрель айында башталат

Ош шаарында ипотекалык негизде берилүүчү үйдүн курулушу апрель айында башталат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунун директору Кутманаалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуштун долбоору толук бүткөн.  Анда 9 кабаттан турган 80 батирлүү үй түшөт. Ал эми жер төлөөсүндө 40 орунду унаа токтотуучу жай болот.

“ Азыркы тапта, курулушка даярдыктар жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйдү калаадагы Ленин көчөсүнө курууну пландап жатабыз. Жакынкы күндөрү курулушту баштайбыз”,-деди ал.

Учурда шаар аймагында турак жайга муктаждардын саны 6 миңдин тегерегинде. Буга чейин жергиликтүү бийлик курула турган үйдүн баасы арзан болоорун убадалаган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген