Ошто ипотекалык багыттагы үйлөрдү шаар күнүнө карата тапшыруу пландаштырылууда

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, 2-сентябрь күнү тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаарда курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мэр алгач Курманжан Датка №121 дареги боюнча салынып жаткан 9 кабаттуу үйгө барды. Аталган көп кабаттуу үй 80 батирлүү, учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүткөн.

Белгилей кетсек, көп кабаттуу үйдө жалпысынан 1 бөлмөлүү – 32, 2 бөлмөлүү – 32, ал эми 3 бөлмөлүү – 16 батир жайгашкан. Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган.

Андан соң, шаар башчысы Достук кичи районундагы №83 көчөсүндөгү, №25 үй дарегиндеги 9 кабаттуу 90 батирлүү ипотекалык турак үйүнүн курулушунан кабар алды. Учурда анын жалпы курулуш иштеринин 85 пайызы аткарылган. Аталган көп кабаттуу үйдө 1 бөлмөлүү батирден- 38, ал эми 2 бөлмөлүүдөн – 34, 3 бөлмөлүү – 18 батир бар.

Алмаз Мамбетов жөнөкөй муниципалдык кызматкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгилеп, мындан ары бул иш токтобой уланыш керек деп кошумчалады.

Ошондой эле, куруп жаткан компанияларга сапаты жагына жакшы көңүл буруу зарыл деп, каттуу талаптарын койду.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдырахман уулу учурда шаарда үч көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, шаар күнүнө карата эки көп кабаттуу үйдү бүтүрүп, шаардыктарга тапшыруу пландары бар экендигин кошумчалады.

Ал, азыркы учурда ипотекалык багытта үй алууну көздөгөн 1700дөн ашуун шаар тургундары тизмеде тургандыгын билдирди.

Мындан сырктары, Ошто Көкүм-Бий көчөсүнүн №100 А дарегинде дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу журүп жатканы белгилүү болду. Ал 9 кабаттуу болуп, 45 батирден турат.

Ошондой эле, муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан үлүштүк багытта көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын алкагында бир 12, эки 9 көп кабаттуу үйлөр курулат.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.