Ошто окумуштуулар англис тилин терең үйрөнүшүүдө

17-февралдан тарта “Erasmus Plus” программасынын алкагында англис тилинен интенсивдүү курс өтүлүүдө.  Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган программанын ОшМУдагы координатору Роман Калматов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган курска чейин катышуучулар деңгээлдик тестирлөөгө катышып, Pre-intermediate жана Upper-intermediate тайпаларына бөлүнүшкөн. Анда окуп жаткан жогорку окуу жайлардагы илимий окумуштууларга эл аралык деңгээлдеги CELTA 2018 сертификатынын ээси сабак өтүп жатат.

Бул интенсивдүү курстун максаты англис тилин B2 деңгээлинде билген ондон кем эмес илимий кызматкерлердин англис тилин өркүндөтүү, илимий окумуштууларды эл аралык семинарларга жиберүү, англис тилинде маалымат топтой алуу жана баарлашуу болуп саналат.

Англис тилин терең үйрөнүү курсу акысыз болуп, “Кыргызстанда PhD докторантураны жана илимий потенциалды өркүндөтүү \ERECKA” долбоорунун алкагында окутулууда. Окуу 4 айга созулуп, аягында сертификат тапшырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген