Ошто ИИМдин кызматкерлери коргоочу кийимдер менен камсыздалды

Ноокат, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери атайын коргоочу кийимдер менен камсыздалды. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, эми чакыруу болгон жерлерге ыкчам-тергөө тобу ушундай атайын кийимдер менен барышып, окуя болгон жерлерде санитардык эрежелерди сактоо менен иш жүргүзүшөт.

Буга чейин башка мамлекеттердеги аталган тармактын кызматкерлери оорулууну текшерүү, кароо, обсервацияга алуу учурунда өзүнө жугузуп алуу фактылары катталган үчүн, Өкмөт мындай учурларды алдын-алуу талабын койгон.

Бүгүн, 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. 3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 жаңы учур аныкталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 6 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген