Ошто газ карызынын туумдарын жокко чыгаруу акциясы жүрүүдө

Ош шаарында көгүлтүр оттон карызы барларга акция жүрүп жатат. Анда газдын карызы барлардын негизги каражаты төлөнүп, туумдары жокко чыгарылат. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Газпром Кыргызстан” ЖККсынын Ош газ филиалынын жетекчисинин орун басары Азизбек Турдукулов билдирди.

Айтымында, акция абоненттердин көгүлтүр отко болгон карызын өндүрүүгө багытталган. Иш-чара көгүлтүр от колдонгон бардык абоненттерге тиешелүү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, карыздарынан кутулушса болот.

“Эгерде каражатты төлөөдөн баш тарткандардын куурларын кескен болсо аны кайра улоого абоненттен көп акча алынат. Ошондуктан туумдарды жокко чыгарган акция баштадык. Бул аракеттибиз карыздарды өндүрүүгө багыттаганбыз. Антпесе абоненттер көгүлтүр отту пайдаланып, бирок каражатты төлөөдөн баш тартып жатышат”,- деди А. Турдукулов.

Ош газ филиалынын 62 миңден ашуун абоненти бар. Алардын арасынан айрымдары 30 миңге чейин карызга батышкан. Ичинен 41 адамдын иши сотто каралууда. Абоненттерди жалпы карызы 19 млн сом.

Көгүлтүр оттун метр кубу 14 сом 47 тыйынды түзөт. Кесилген куурларды кайрадан туташтыруу үчүн 3 580 сом төлөө зарыл.

Сүрөт: Спутник

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz