Ошто футзал боюнча Кыргызстандын кубогун утуп келген жаш футболчулары сыйланышты

6-июлда, Ош шаарынын борбордук стадионунда 14 жашка чейинки жана 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн футзал боюнча Кыргызстандын кубогун утуп келген жаш футболчуларды Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Таалайбек Сарыбашов шаардын намысын коргоп, өлкөнүн кубогун утуп алган чоң кубаныч жана сыймык экенин билдирди.

«Силердин бул жеңишиңер шаарыбыз үчүн чоң кубаныч. Мындан ары да талыкпай машыгып, чоң ийгиликтерди багындырасыңар деп терең ишенем. Өзуңөр билгендей шаарыбызда «Алай» футбол клубу мэрия тарабынан каржыланып, бир топ жылдардан бери шаарыбыздын намысын татыктуу коргоп келет. Буюрса силер да келечекте «Алай» командабыздын катарын толуктайсыңар деген үмүттөмүн. Ушундай аракетчил, жаш футболчулар чоноюп келе жаткандыгы биз үчүн сыймык. Шаардык мэрия силерди ар тараптан колоого даяр»,-деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри 2 командага 50 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле, футзал боюнча өспүрүмдөр машыктыруучусу Учкунбек Абдыжапар уулу «КРнын дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары, бир катар жаш футболчуларга футзал боюнча спорт чеберчилигине талапкер наамы берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 15-19-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында футзал боюнча 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өлкөнүн кубогу өткөрүлүп, Ош шаарынын футзал боюнча курама командасы 8 команданын ичинен 1-орунга ээ болушкан.

Ошондой эле, аталган шаарда 19-24-июнь күндөрү футзал боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын кубогунда, Ош шаарынын курама командасы 1-орунду багындырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.