Ошто футбол академиясы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 12-окятрбда Ош шаарындагы футбол академия пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Футбол академиясына мэрия тарабынан жер бөлүнүп, ФИФАнын каржылоосу менен курулду.  Спорттук аянтчада бардык стандарттарга жооп берген төрт кичине жана эки чоң футболдук аянт бар. Эми алтымыштан ашуун футболчуну тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Спорттук аянтчага төрт гектар жер бөлүндү. Эл аралык калыс Бахадыр Кочкоров академия Орто Азия боюнча эч жерде жок экендигин белгилеп келет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz