Ошто эттин баасы арзандайт

Ош шаарында эттин баасы 480 сомго чейин төмөндөйт. Мындай чечим 27-июлда Ош шаардык мэриясынын эт баалары боюнча жумушчу кеңешмесинин жүрүшүндө кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда билдиришкендей, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов сөзүндө, акыркы үч айда эттин баасы кг 460 сомдон 500 кг чейин жогорулаганын, буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар ​​аркылуу бааларды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен мэрияга кайрылышууда, деп белгилеген.

Ошентип, жолугушуунун жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин килограммын 480 сомго чейин арзандатуу чечими кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.