Ошто этти кайра иштетүүчү ири ишкана иштеп баштайт

Кара- Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында турган мекеме этти кайра иштетүүчү ири ишкана катары ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, долбоордо консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган. Аталган долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан.

Ишкана айыл өкмөттүн гана балансында болуп, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. Жалпысынан 500дөй жаранга жумуш ордун түзүү болжолдонгон. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган.

“Биз 70-жылдардагы “Кыргызстандын эти” деген брендди кайтарабыз. Кезинде Орусияда биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо-талап менен алынып турган. Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбап мал союучу ишканалар курулуп жатат. Ошолордун сырьесу бул жерде даяр продукция катары экспортко чыгарылат”, – деди Жарасул Абдураимов.

Учурда аталган имараттын экологиялык бүтүмдөрү даярдалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.