Ошто эт азыктарын кайра иштетүүчү комбинат ачылды

Бүгүн, 4-декабрда Ошто эт азыктарын кайра иштетүүчү “Келечек” АК эт комбинаты ачылды.

Комбинат эт азыктарын кайра иштетет жана тейлөө кызматын көрсөтөт. Күнүнө 200 баш ийри мүйүздүү малдар, 300 баш кой, эчкилер союлуп, бир жылдык көрсөтүлгөн тейлөөнүн көлөмү 35 млн 280 миң сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө ишканага заманбап, жаңы жабдуулары менен мал, кой союлуучу 2 линия коюлуп, ичеги карындарды, баш шыйрактарды кайра иштетүү жана эт муздаткыч цехтери иштөөдө. Мындан сырткары, колбаса, эт консерваларын жана тери иштетүү цехтерин ишке киргизүү пландалган.

Бул максатта  алдыда эт продукцияларын Орусия, Иран, Туркия өлкөлөрүнө экспортко чыраруу максаттары көздөлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген