Ошто эскертүүсүз таза суу берүү токтотулду

Ош шаарында таза суу берүү эскертүүсүз токтотулду. Ал эми  “Ошсууканал” ишканасынын директорунун орун басары Талант Байкишиев жаанга байланыштуу ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулганын билдирди.

Анын айтымында таза суунун күтүүсүз өчүрүлүүсүнүн жүйөлүү себеби бар. Анткени жаанга байланыштуу Кожокелен айылында сел жүрүп, Ак-Буура каналындагы суу булганган. Натыйжада шаарга таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Ал кошумчалагандай, учурда сууну  тазалоо иштери жүрүп жатат жана кечки 18:00гө чейин берилет.

Ош шаары ичүчү сууну ачык көлмөдөн алгандыктан, жаан жааган көйгөй жаралып, шаардыктар таза суусуз калат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген