Ошто эшек уурдоого шектелген эки адам кармалды

Ош шаарында эшек уурдоого шектелип, 18 жана 17 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Алар ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында жердештеринин беш эшегин уурдаган деп шектелип жатат. Маалыматка ылайык, уурдалган эшектер кытай ишкерлерине ар бири 8 миң сомдон сатылган.

“Шектүүлөр Сулайман-Тоо милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Алар Жапалак айылынын тургундары, 1999-жылы туулган А. М. жана 2000-жылы туулган П. А. атту жарандар”, – деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү балдардын кѳрсѳтмѳсү менен милиция кызматкерлери жана жабырлануучу жапалактыктар кытай ишкерлери жайгашкан аймакка барышкан. Ал жерден жабырлануучулар ѳз эшектерин таанып, алар ээлерине кайтарылып берилди.

Эшек уурдоого айыпталып жаткан балдардын үстүнѳн “мал уурдоо” беренеси  менен кылмыш иши козголду. Учурда тергѳѳ амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр үй камагында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.