Ошто эртен веложүрүш өтөт

Эртен  Ош шаарында веложүрүш  өтөт.  Акция 30- июль  Бүткүл дүйнөлүкк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдирди.

Веложүрүш эртең саат 15:00 дө Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган подиумдан башталат. Келген конокторго профессионал велосипедисттердин трюктары көрсөтүлөт.

“Иш чаранын максаты шаардыктарды сергек жашоого үндөө менен адам сатууга каршы күрөшүүгө чакырат. Веложүрүштүн соңунда жеңишке жетишкендерген баалуу белектер берилет”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Ош мэриясы, шаардык дене тарбия жана спорт комитети, “ISEDA” коомдук фонду жана өнөктөш уюмдар тарабынан уюштурулууда.

Сүрөт: sputnik.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген