Ошто эрте түшүмгө кирчү карлик көчөттөрүн өстүрүү жайылууда

Ош облусунда чет жактан келген карлик жана жарым карлик көчөттөрдү отургузуу жайылды. Эки жыл аралыгында  800 гектар суулуу аянтка ушундай көп жылдык мөмө берүүчү бак тигилген. Европадан келген көчөттөр биздин шартка туура келип, багбандар түшүм ала башташты.

Кара-Суу районун тургуну Акбар Нематжанов беш жыл мурда отуз сотых жерине Сербиядан алып келген  карлик көчөттөрдү эккен. Алманын 3 сортун өстүрө баштаган багбан бир жылдан соң көчөттөрү мөмө байлаганын айтат. Башында бир түбү 2-3 килограммдан түшүм берсе, азыр 15-20 килограммга жетти.

“Сууну көп талап кылат экен. Ар он күндө сугарып туруш керек. Бирок мөмөсү абдан даамдуу. Биздин алмалар бийик болуп кетет. Жарым карликтер 2,5-3 метр болуп, түшүмдүүлүгү 35 килограммга жетет”, – дейт багбан Акбар Нематжанов. 

Эрте түшүмгө кирген көчөттөргө акыркы кездерде багбандардын кызыгуусу арта баштады. Алардын катарын Баатыржан Тургунов да толуктайт. Айтымында, карликке караганда жарым карлик биздин шартка ыңгайлуу. Карликтерди өстүрүүдө көчөттөргө атайын илме зым тартып, бакты ошого тарттырып койбосо, катуу шамалда мөмөсүн көтөрө албай жыгылып түшүү ыктымалдыгы бар

Учурда аталган көчөттөрдү чет жактардан жеке ишкерлер алып келишүүдө. Алты жылдан бери Анвар Эркебаев алманын биздин шартка ыңгайлуу деген 9 сортун ташыйт. Аны менен катар өстүрүүдө да өзгөчөлүктөрүн көчөт алган багбандарга үйрөтөт.

Адистердин айтымында, акыркы үч жылдан бери жарым карлик көчөттөрүнө элдин талабы артып баратат. Бою жапыс өскөндүктөн мөмөсүн тергенге, бутаганга, дарылаганга да ыңгайлуу. Көчөттөр көбүнчө Сербия, Тажикстан, Өзбекстендан келет. Ош облустук айыл чарба башкармалыгы берген маалыматка караганда бүгүнкү күндө 800 гектар аянтка мөмөлүү бак-дарактар эгилген.

Чет жактан келген көчөттөрдүн көпчүлүгү Сербия мамлекетинен келип жатат. Ал жактын климаты биздин өлкө менен окшош. Буга кошо Алай, Кара-Кулжа, Чоң-Алай сыяктуу тоолуу райондорго да өстүрө турган сорттору бар. Белгилей кетсек, өлкөгө башка мамлекеттерден жыл сайын 500 миңге жакын көчөт киргизилет.

Видео: Нурсултан Абдыкерим уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.