FB Twitter YouTube Одноклассники

Ошто эркин күрөш боюнча VI эл аралык турнир башталды

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы “Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VI эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды.

Мелдешке Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан жана Өзбекстан, Тажикстан, Орусиядан келген 200дөн ашуун спортчулар күч сынашууда.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.

Иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп жатат. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz