Ошто энелердин өлүмү көбөйүп жатат

Улуттук статистика бөлүмү Ош облусу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды.  Жыйынтыгында жыл сайын төрөттөн көз жумган энелердин саны өсүп жаткандыгы байкалган. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мамлекеттик статистикалык башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Рысбаев билдирди.

Анын айтымында,сурамжылоого  өлкөнүн 7 облусунан жана  2 шаардан 7200 үй-бүлө катышкан. Анда эне жана баланын ден-соолугу, социалдык абалы тууралуу маселелер камтылган.

“Төрөт учурундагы эне менен баланын өлүмүнүн азайбай жатканына  көп себептер бар. Алар сурамжылоо учурунда белгилүү болду.Энелердин кош бойлуу кезинде өз убагында медициналык кароодон өтпөгөндүгү, жугуштуу оорулар,ички жана тышкы миграциянын да тассири чоң. Буга байланыштуу энелердин өлүмү азайбай жатат деген божомолдор бар”,-деди Рысбаев.

Ош облусу боюнча төрөт учурунда каза болгон энелердин саны 2018-жылдын башында  2 учур  катталса, бул жылдын 5 айында  көрсөткүч 6га жеткен.

Алардын төртөө экстрагениталдык оорулардан улам каза болгон.Бирөө эмболия оорусунан каза тапса, дагы бири инфекциялык оорудан улам көз жумгандыгы аныкталды.

Эне жана бала өлүмүн алдын алуу үчүн бир гана дарыгерлер кызыкдар болбой, биринчи кезекте эне өз саламаттыгына өзгөчө көңүл бурусу зарыл. Ушул тапта болочок энелерге кеп-кеңеш берүүчү мектеп да иштеп жатат.

“Кош бойлуу энелер өз убагында текшерилип, дарыгердин көзөмөлүндө болсо өлүм азаймак. Бала дени сак төрөлмөк. Наристелер тубаса кемтик оорулары менен да төрөлүп жатышат. Үй-бүлөнүн социалдык абалы да чоң роль ойнойт. Энелерге кош бойлуу учурунда эмнелер керек, аларга кандай мамиле кылыш керек? Мына ушуларды окутуп,үйрөтүү үчүн “Энелер мектеби” ачылган. Ага эне өзү эле эмес, жолдошу, жакындары барып маалымат алса болот”, -дейт Ош облустук төрөт үйүнүн жетекчиси Гулбара Кенжебаева.

Сурамжылоо улуттук статистика башкармалыгы тарабынан ар бир облуста 4 жылда  бир жолу өткөрүлүп турат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген