Ошто Энелер күнү белгиленди

Ош шаарында баатыр энелердин катышуусунда Энелер күнү белгиленди. Майрамга 700гө жакын аял чакырылган.

Иш чаранын  жүрүшүндө Оштун түптөлүшүнө салым кошкон энелер жөнүндө видео реолик көрсөтүлдү . Мындан сырткары эненин улуулугун даңазалаган спектакль коюлуп, Бишкектен Карамолдо Орозов эл аралык оркестри, Эл артистери Саламат Садыкова, Султан Каримов, Кыргызбай Осмонов, Кутман Жолдошов, Чырмаш Төрөбековдор майрам ээлерине  жандуу үн менен ырдап беришти.

Майрамдын соңунда апалар шаардык мэрия тарабынан даярдалган белектерди  алышты.

Белгилей кетсек, президент тарабынан Кыргызстанда май айынын үчүнчү аптасы Энелер жумалыгы деп жарыяланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген