Ошто эми ар ишемби күнү ачык абада дене тарбия сабагы өтөт

Ош шаарында ар ишемби күнү таңкы саат 07: 30дан баштап ар бир каалоочу ачык абада дене тарбия сабагына катыша алат. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, шаардын сейил бактарында эртең мененки көнүгүүлөрдү таза абада жасоону адатка айландыруу керек.

Жарандарды сергек жашоого жана спортко тартуу үчүн Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан эми жума сайын иш-чаралар өткөрүлүп турат. Иш-чараларга чуркоо жана көнүгүү кирет. Алгачкы физикалык көнүгүүлөргө 50гө жакын адам катышты.

Иш-чарага ички иштер министрлигинин антитеррордук иш-аракеттерин алдын алуу боюнча кызматкерлери дагы катышты.

Алардын айтымында, мындай жагымдуу жагдай жаштарга сергек жашоо образынын маанилүүлүгүн көрсөтөт. Эрте мененки убактан баштап күч-кубатка умтулуп, ден-соолукка зыян келтирүүчү баңги заттардан жана башка заттардан алыс болууга үндөйт дешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.