Ошто эмгектенген юрист эң абройлуу “Нансен” сыйлыгын алды

“Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесин жетектеген Азизбек Ашуровко Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу “Нансен” сыйлыгы ыйгарылды.

Аталган  сыйлык биринчи жолу 1954-жылы Элеонора Рузвельтке ыйгарылган. Ошол убактан бери бул сыйлык качкындар маселесинде маанилүү иштерди жасаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, укук коргоочуларга, активисттерге жыл сайын берилип келет.

Азизбек Ашуров учурда Ош шаарында жашап, эмгектенет. Төрт баланын атасы. Кесиби боюнча юрист.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.