Ошто эмгекке тартылган жаш өспүрүмдөрдүн саны азайды

Ош облусунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусу азайды. Өткөн жылдын 6 ай аралыгына караганда, быйыл 10%га кыскарган.

Жаш туруп эмгекке тартылган балдар Кара-Суу районунун базарында көп кездешет. Анда соода-сатыкка жардамдашу ирээтинде же кадимки сатуучу катары кызмат кылышат. Алардын кээ бирлери акчага жалданып иштешсе, көпчүлүгү усталарга шакирт катары акысыз иштеп беришет.

27-июндан тарта аталган райондо “Балдар жана эмгек” аталышындагы 3 күндүк рейд башталды. Анда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлор рейдке чыгышты.

“Бул рейд республикалык масштабда болуп жатат. Рейддин башкы максаты- ата- энелерге 18 жашка чейинки балдарды жумушка тартуу законго туура келбейт экендигин түшүндүрүү болуп саналат”,- деди Ош ОИИБнын жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу борборунун башчысы Фарида Шаманова.

Адистердин айтымында, буга чейин мурда Кара-Сууда жашы жете электердин жумушка тартылуусу көп катталып келген. Жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда бир саатта 20 чамалуу баланын мыйзамсыз иштеп жаткандыгы ачыкталды.

“20 жаш өспүрүмдөрдү таптык, алар ашканаларда жана эт сатуучу жайларда иштеп жатышыптыр. Алардын ар бирине протокол түзөбүз дагы, ата- энелерин чакыртабыз”,- деди Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр иши боюнча инспектору Канимет Боронбаев.

Мыйзамсыз  эмгекке тартылган балдар Кара-Суу базарындагы милиция бөлүмүндөгү убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Ар бирине протокол толтурулуп, ата-энеси балдардын кимдигин тастыктаган документтерин көрсөтүп, анан гана алып кетишет. Иш берүүчүлөр менен келишим болбосо, аларга административдик айып пул салынат.

“Ар жерде иштеп жүргөн балдарды көрүп, эне катары аябай жүрөгүм ооруйт, ыйлагым келет. Менимче ар бир эне мендей болсо керек. Бирок айласыздан балдарыбызды иштеткенге туура келип жатат да. Менин да балам азыр үйдө кирпич куюп жатат”,- дейт Кара-Суу районунун тургуну Жамила Жээнбекова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, өткөн жылдын алты ай аралыгында жашы жете элек 500 бала эмгекке тартылган. Ал эми быйылкы жарым жылдыкта 461 өспүрүм мыйзамсыз иштеп жатканы далилденген.

Сюжет: Чынарбек Алипбеков, Арген Калыбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген